Астанада балдар ойноп жаткан батутту катуу шамал оодарып салды. Видео

Жазылуу
Шамал батутту 20 метрге чейин учурган. Төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Жума күнү түш ченде Астанадагы "Жаннур" соода борборунун аймагында балдар ойноп жаткан батутту катуу шамал учуруп, оодарып салганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Анын кесепетинен үч жаштан алты жашка чейинки беш бала жабыркаган. Төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүндө. Балдар ойноп жаткан батутту шамал 20 метрдей учуруп, оодарылып калган. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болор алдында батутта ондой бала ойноп жаткан.

"Айрым балдарды машинанын алдынан издешти. Дарыгерлер келгенге чейин кишилер бети-башы тытылган балдарды сооротуп турушту. Куткаруучулар балдарды табуу үчүн батутту кесишти", — деди күбө.

Полиция тергөөнү баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0