Дымагын көр! Айдоочуга айбат көрсөткөн мамалактын видеосу

Жазылуу
Айдоочу жолдо кетип бара жатып аюу менен мамалагын видеого тартып алган.

Жолдо энесинен калбай томполоңдоп чуркап бара жаткан мамалак айдоочу анын жанына жакын келип токтогондо, айлананы жара бакырып, кадимидей айбат көрсөткөн.

Кыргызстандын тоолорунда томпоңдогон үч мамалагын ээрчиткен эне аюу
Бул видеону Youtube каналынын колдонуучусу жүктөп, интернет колдонуучулар ар кыл пикирлерин жазды.

Мамалакты видеого тартып жаткан айдоочу кичинекей жырткычты эркелеткен үн менен узатып кала берген.

Тайга токоюнун болочоктогу ээси кыйкырып, кыялын көрсөтүп алган соң, энесин бучкактаган тейде жол боюнча турган темир тосмодон ары ашып кеткен.

Маалыматта видео Россиянын Иркутс облусунда тартылганы жазылган.

Буга чейин интернет айдыңында чээнден чыкканда аюунун бакырганы жазып алынган видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0