Япониялык мушкер атаандашын 9 секундада сулата чапты. Видео

Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча япониялык мушкер Кедзи Хоригути америкалык атаандашы Йен Макколлду 9 секундада жерге сулата чапты.

Видеону Хоригутинин күйөрмандары YouTube каналына жарыялашкан.

Хоригутинин бир ненче жолку таамай соккусунан америкалык мушкер рингде кулаган. Кайра чабууга аракет кылган япониялык спортчуну калыс токтотуп калган.

Атаандаштар 6-майда Фукуока шаарында RIZIN FF 10 турниринин алкагында беттешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0