Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган

Жазылуу
Алгач, моюн тарапка бир нече ирет, андан соң желке тарапка шилтеп жибергени видеого түшүп калган.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда айылдашы тарабынан каза тапкан жигиттин бычак жеген видеосун Sputnik Кыргызстанга салышты.

19 жаштагы жигитке экинчи бирөөнүн артынан келип, бычак менен бир нече ирет сайып жиберген видеосу ошол жердеги автобекеттин көзөмөл камерасына түшүп клаган.

Эскерте кетсек, каргаша бүгүн эртең менен болгон.

Бычактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энесин бир чаап өлтүрүп, көңүл ачканы кеткен уул. Апрелдеги 8 чуулуу иш
Видеодо автобекетке маршруткалардын келип токтоп жана жүрүп кетип жатканын, ошол жерде ак көйнөкчөн жана рюкзак асынып жүргөн уландын турганын көрүүгө болот. Окуя тездик менен болуп кеткен. Ал арада ошол жерде кара кийимчен, эки чөнтөгүн колуна салып, басып жүргөн көзгө урунат. Ак көйнөкчөн баланын жанына ары жактан басып келген башка жигит бир аз сүйлөшүп туруп, ал бир нече кадам узап кетээри менен кара кийимчен киши ага жакындап келет. Алгач, моюн тарапка бир нече ирет, андан соң желке тарапка шилтеп жибергени жазылып калган. Улан күтүүсүз кол салуудан теңселип, кадрдан чыга жыгылган. Ал жерде турган аялдар жарыла качып баратканы менен видео үзүлгөн.

Буга чейинки маалыматта, окуянын күбөсүнүн айтымында, шектүү менен маркум Базар-Коргон районундагы Арсланбап айылынын тургундары болчу. Алар 7-май күнү эртең менен саат 9:30дар чамасында өз айылына баруу үчүн бир маршрутту күтүп турганда бул кандуу окуя болуп кеткен. Анын видеосу да тараган.

Ал эми облустук милициядан окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын, чырдын келип чыгуу себептери такталып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0