УКМКнын имаратынан чыккан Кулматов эмнеге чакырылганын айтты. Видео

Жазылуу
Мурдагы мэр УКМКга кайрадан суракка чакырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Калыс-Ордодогу 3,5 млн. долларлык мектептин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Калыс-Ордодогу" 3,5 млн. долларлык мектептин асмандан көрүнүшү
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынан чыгып журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Буга чейин Кулматов УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына суракка чакырылган болчу. Бирок анын себеби айтылган эмес.

Кулматов УКМК кызматкерлерине мектеп куруу үчүн TBEA компаниясынан алынган грант боюнча көрсөтмө берип чыкканын билдирди. Ал ошол учурда Бишкектин мэри болуп турган.

"Биз "Калыс-Ордо" конушуна TBEA компаниясы тарабынан берилген грантка мектеп курган болчубуз. Ошол боюнча суроолор узатылды. Курулуш мыйзамдын чегинде аткарылган. Учурда мектеп жакшынакай иштеп жатат. Ал эми финансылык маселе TBEA менен подрядчиктин ортосунда гана жүргөн. Биз даяр мектепти гана кабыл алганбыз", — деп Кулматов журналисттерге жооп берди.

Ал УКМКнын имаратына бүгүн саат 10.00дө кирип саат 13.00гө жакын чыкты. Кулматов кайрадан суракка чакырылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0