"Ак аюу" Алматыда атаандашын сулата чапты. Беттештин толук видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев JFC Young Force турниринин алкагында атаандашын жеңип, чемпиондук курдун ээси аталды.

Аралаш мушташ боюнча эл аралык турнир 11-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Анда Орто Азиянын, Россиянын жана Украинанын мушкерлери күч сынашкан. Таймашта жалпысынан 13 беттеш болгону айтылат.

Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азаматтар! Кикбоксчулар Касымбеков менен Аманбеков Азия чемпиону болушту
Кеченин башкы таймашында Мыктыбек Мамасалиев чемпиондук наам үчүн украиналык Владимир Мищенко менен кез келип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.

Видеодо алгач каршылашы Мищенко ыкчам чабуулга өтүп,"Ак аюуну" партерге (жерде иштоо) жыкканын көрүүгө болот. Андан соң Мамасалиев атаандашына каршы активдүү иштөөгө өтүп, таамай сокку менен урганда Мищенко кулап түшөт, дароо баса калып бет талаштыра чаап кирет. Ошол замат ары жактан ак байрак ыргытылып беттеш токтотулган.

Мыктыбек Мамасалиев бокс боюнча КРдин спорт чебери, ММА боюнча профессиондар арасында 14 беттеш өткөрүп, анын 11ин утуп, үч ирет жеңилип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0