Кытайда кулап калбай тигинен сууга агып бараткан жол чырак видеого түшүп калган

Жазылуу
Кытайдын түштүгүндө бир нече күндөн бери катуу жамгыр жаап, шаардын көчөлөрүн суу каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматында иштеген Теңиз Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу Турсунбеков: жарылган учактагы үч кишинин сөөгүн беш саат чогулттук
CGTN телеканалы кабарлагандай, Юйлин шаарында тынбай жааган жамгырдан улам сел жүрүп көчөдө убактылуу турган жол чыракты да агызып кеткен. Күбөлөр тарткан тасмада агып бараткан жол чырак кадимкидей иштеп жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Кытайдын түштүк аймактарында бир нече күндөн бери жамгыр жаап жатат. Анын кесепетинен суунун агымы көтөрүлүп, көпүрөлөрдү талкалап, жолдорду каптап кеткен. Жүздөгөн тургундар турак-жайсыз калышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0