Ак-Талаада ара жолдо калгандар Нарын дарыясынан аркан менен өтүүдө. Видео

Жазылуу
Көпүрө урап, учурда беш айыл өкмөттүн эли район борбору менен байланыша албай калды.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда урап калган көпүрөдөн адамдар аркан менен өтүп жаткан видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургундар жиберди.

Состояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году - Sputnik Кыргызстан
Элди нааразы кылган Бишкектин жолдору. Аны ким текшерип, кантип кабыл алат?
Ак-Талчат — Казарман унаа жолундагы Нарын дарыясынын үстүнө курулган көпүрө кечээ, 13-майда, толугу менен урап калып, эл сууну жөө-жалаңдап кечип өтүп жатышкан. Кийинчерээк суунун деңгээли көтөрүлүп адамдар өтө албай калган. Мындан улам аркандын бир учун жээкке, экинчи учун көпүрөнүн бир бөлүгүнө байлап, тартылып өтө башташкан.

Видеодон көрүнгөндөй суу боюнда турган үч жигиттин бирөө арканга тартылып ары жакка өткөндө көпүрөнүн үстүндө турган кишилер тосуп алган. Калган эки жигит да өтүүгө даярданып турушат.

Айыл эли көпүрөнүн урап калышына Түндүк — Түштүк альтернативалык жолун курууда унаалар ашыкча жүк менен өткөнү себеп болгонун айтат. Аны оңдоо иштери былтыр башталып, бирок белгисиз себептер менен аягына чыкпай турат. Мунун кесепетинен азыр беш айыл өкмөт райондун борбору менен катташа албай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0