WEF: Барчынай Узгенбаева атаандашынын колун кайрып утуп алды... Кармаштын видеосу

Жазылуу
WEF уюмунун Global лигасында кыздар биринчи жолу кармашкан.

Спортчу Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум
Кечээ, 14-майда, борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 12 турнири өткөрүлүп, биринчи жолу кыздардын кармашына орун берилди.

Мелдеште кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева 61 килограмм салмакта өзбек мушкери Шахида Рахимова менен беттешип, экинчи раундда колду кайруу ыкмасы менен утуп алган.

Барчынай Узгенбаева — грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Панкратион боюнча КРдин чемпиону. ММА боюнча эки профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — Fighter KG, машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров. Каймана аты — "Багира".

22 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0