Өмүрүн тобокелге салып 3-кабаттын терезесин жууган бишкектик окуучулар. Видео

Жазылуу
Борбор калаадагы №91 мектеп-гимназиясынын окуучулары тобокелчиликке салып үчүнчү кабаттын терезесин жууду

Бишкекте өз өмүрүн тобокелдикке салып окуучулар мектептин үчүнчү кабатынын терезесин жууганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуянын видеосун 15-майда тартып алган. Видеодо 3-кабаттын терезесин чыгып алып жууп жаткан кыздарды көрүүгө болот. Алар бир колу менен терезени кармап, экинчи колу менен айнектерди жуушкан.

"Окуучулар кулап кетиши мүмкүн болчу. Көрүнүш мени аябай чочулатты", — деди күбө.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчыларынан видеону көргөн мектеп директору Азаткан Чекирова чара колдонорун билдирди. Анын айтымында мектеп 2010-жылы салынган.

"Мектеп ачылгандан кийин терезелери морт экени аныкталып, аны жууп-тазалаганга, окуучуларга терезеден башын чыгарып алууга катуу тыюу салынган. Мектептин тарыхында бул окуя биринчи жолу болуп жатат. Ата-энелерден кечирим сурайбыз жана коопсуздук чараларын күчөтөбүз. Видеону көрүп төбө чачым тик турду. Окуучулар үчүн корктум. Булар 8-г класстын окуучулары", — деди директор.

Ал ошондой эле класс жетекчиси жана башка окуучулар кыздар терезени тазалап жатканда бутунан кармап турушканын кошумчалап, мугалимге сөгүш берилерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0