"Орто-Сай" базарындагы бомбаны милиция ит менен издеди. Видео

Жазылуу
Базар тегерете курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланган.

УКМКнын маалымат кызматы бомба коюлганы тууралуу билдирүү 102 кызматына саат 12.30да түшкөнүн кабарлады. Телефон чалган киши ага бир эркек жардыруучу түзүлүш коюлганын айтып, качып кеткенин билдирген. Окуя болгон жерге тийиштүү мекеме кызматкерлери барып, тинтүү иштери жүргөн.

Бишкектеги Орто-Сай базары жардыруучу түзүлүш тууралуу билдирүүдөн кийин тегерете курчоого алынды - Sputnik Кыргызстан
"Орто-Сай" базары курчалып, саперлордун келишин күтүп жатышат. Сүрөт
Базар тегерете курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланган.

Ал эми милиция кызматкерлери коюлду делген видеону ит менен издеди.

Кийинчерээк УКМК базарга жардыруучу түзүлүш коюлду деген кабар жалган экени тууралуу маалымат таратты. Ушу тапта "Орто-Сай" базары кадимки режимде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0