Милиция кызматкерлери Энелер күнүндө апаларын куттуктады. Көзгө жаш алдырган видео

Жазылуу
Быйыл Энелер күнү 20-майда белгиленет.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери өз апаларын Энелер күнү менен куттуктап, аларды канчалык жакшы көрөрүн айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди Баатыр Эне ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Манас Ниязов баштаган мыкты уул-кыздардын энелерин сыйлады
Милиция кызматкерлеринин куттуктоосу ЖКККББнын Facebook баракчасына жарыяланды.

Видеодо Толгонай Арзыкееванын аткаруусундагы "Эне жөнүндө баллада" ырынын клиби колдонулган. Бир нече милиция кызматкери апаларына чалып, энелерин куттуктаган учур видеого тартылган. Милиционерлердин бири апасына чалып, анын үнүн укканда көзүнө жаш алган.

Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0