Канн фестивалын багынткан кыргызстандык мигрант кыз. Тасманын алгачкы кадры

Жазылуу
Кадырлуу кинофестивалдардын биринде Россияга иштегени барып, оор тагдырга кабылган кыргызстандык мигрант кыз тууралуу орус режиссерунун "Айка" тасмасы чоң ийгилик жаратты.

The Upcoming журналы өзүнүн Youtube-каналына тасманын үзүндүсүн жарыялады.

"Казакстандык актриса Самал Еслямова "Айка" фильминдеги ролу үчүн "Аялдын мыкты ролу" номинациясы боюнча жеңишке жетти", — деп жазылат видеонун сүрөттөөсүндө.

Канн кинофестивалы Францияда 8-майда башталып, кечээ 19-май күнү жыйынтыкталды. Анда көрсөтүлгөн "Айка" тасмасы аяктагандан кийин көрүүчүлөр ордунан туруп кол чабышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0