Жалал-Абаддагы "магнит баатыр": темир, кагаз, буюмдар денеге жармашканда

Жазылуу
Жунусали Сайдинов учурда 30 килограмм салмакка чейинки темирди колуна жармаштырып көтөрө алат.

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын жашоочусу Жунусали Сайдинов унааны колунун магниттик күчү менен сүйрөп, жергиликтүү элди таң калтырууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Силач Зарылбек Аликенов - Sputnik Кыргызстан
Кара күчтүн атасы. Жалындап чыгып жакаңды карматкан кыргыз балбандары
Өзгөчө талантка ээ Сайдинов учурда 42 жашта. Өзүнүн айтымында, анын денесине бычак, кашык, үтүк, кагаз сыяктуу нерселер магнит тартып жаткандай жармашып калат.

Ал жети жашында денесиндеги магнит талаасы күчтүү экенин байкаган. Ошондон тарта, тагыраагы, 35 жылдан бери өзгөчө өнөрүн өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп келет.

Каарман келечекте дүйнөлүк рекорд жаратууну максат кылууда.

Учурда 30 килограмм салмактагы темирди колуна жармаштыра көтөрүп, беш тонналык унааны сүйрөй алат.

"Чоң аталарымда магнит сыры бар болчу экен. Аны мага чоң энем ар дайым айтчу. Бул өнөрдүн арты менен байлык топтобосом дагы, мен үчүн эл-жер тааныганга чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Аны менен бирге колумдагы энергия менен элди дарылоо үчүн жеке дарылануучу жай ачсамбы деген пландарым бар", — деди Сайдинов.

"Магнит баатыр" каймана аты менен эл оозуна алына баштаган Жунусали Сайдинов үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0