Бишкектин четинде жүк ташуучу унаа эки баланы коюп кетти. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Айдоочу балдар жолго чуркап чыга калганын, мындан улам ал унааны токтотууга үлгүрбөй калганын айтууда. Кырсыктан 2005 жана 2012-жылы төрөлгөн балдар жабыркаган.

Сокулукта Volkswagen Jetta адамды учура сүздү. Кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта Volkswagen Jetta адамды учура сүздү. Кырсыктын видеосу
Бишкектин жака белинде, Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа эки баланы коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү айтып берди.

Кырсык кечээ, 21-май күнү, саат 16.00дөр чамасында болгон.

Видеокаттагычка түшүп калган тасмадан балдар жарым жолго чыгып, экинчи тилкеге чуркап чыккан маалда унаа коюп кеткенин көрүүгө болот.

"Балага чуркап келсем, башы жабыркаптыр. Кыз болсо аябай коркуп калган экен. Жакыныраак жерде балдар бакчасы бар. Ушундай жерде жол чийиндин жоктугу таң калдырат", — деди күбө.

Чүй милициясы кырсыкка 13 жана 6 жаштагы балдардын кабылганын тастыктады. Жабырлануучулар №3 шаардык балдар оорукунасына жаткырылды. Ал эми унаа айып короого токтотулган. Айдоочунун айтымында, балдар жолго чуркап чыга калгандыктан ал унааны токтотууга үлгүрбөй калган.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0