Россия Ак деңизден баллистикалык төрт ракетаны учурган видео

Жазылуу
Ракеталардын мындай болуп учурулушу биринчи ирет жасалып отурат.

Жер солк эткенде. Россия Казакстанда ракетага каршы системасын сынады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жер солк эткенде! Россия Казакстанда ракетага каршы системасын сынады. Видео
Россиялык аскерийлер "Булава" деп аталган баллистикалык төрт ракетаны удаасы менен учурду. Бул туурасында РФтин Коргоо министринен кабарлашкан.

Ракеталар 2017-жылдын 22-майында Ак деңиз аймагынан жер алдында жүрүүчү стратегиялык "Юрий Долгорукий" крейсеринен Камчаткадагы Кура полигонуна кое берилди.

Коргоо министрлигинен ракеталардын мындай болуп учурулушу биринчи ирет жасалганын белгилешти.

"Ракета пландалган аскердик даярдыктын алкагында кое берилген. Суу алдында жүрүүчү крейсердин экипажы кесиптик чеберчилигин жана аскер деңиз иштерин мыкты билгендигин көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Жер алдында жүрүүчү, төртүнчү муундагы стратегиялык "Юрий Долгорукий" крейсери —"Борей" 955 долбоорунун негизги кемеси. Флоттун курамына 2012-жылы кирген. Крейсер "Булава" деп аталган баллистикалык 16 ракетадан жана торпедолук куралдан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0