Эскалаторго кыпчылып калган наристе. Жүрөк түшүргөн видео

1029
(жаңыланган 12:49 26.05.2018)
Бөбөк эскалатордун үстүнө жаткан тейде өйдөнү көздөй көтөрүлө берет да аягына жеткенде платформа менен тепкичтин ортосуна колу кыпчылып калган.

Кытайдын Цзуньи шаарындагы соода борборлордун биринде жаш бала эскалаторго кыпчылып калганын CGTN телеканалы жазды. Окуя ушул дүйшөмбүдө болгон. Видеодон көрүнгөндөй, бөбөк эскалатордун үстүнө жаткан тейде жогору көздөй көтөрүлө берет да аягына жеткенде платформа менен тепкичтин ортосуна колу кыпчылып калат. Жанында турган кичинекей кыздын ага жардам берүүгө аракетинен майнап чыкпай, чоң кишилерди чакырган.

Жардамга келгендер эскалаторду токтотуп, баланын кыпчылып калган колун чыгарышкан. Бирок анын куткаруу учуру видеого түшпөй калган. Бала жеңил жаракат алганы айтылат.

1029
Белгилер:
бөбөктөр, эскалатор, Кытай
Тема боюнча
Бишкек тургуну соода борборлорунда өрт коопсуздугу сакталбаганын тартып алды. Видео

Макгрегор нокаут болгондо. UFC мелдешинин бүйүр кызыткан видеолору

48
(жаңыланган 13:01 25.01.2021)
Кечээ Абу-Дабиде UFC 257 мелдеши жыйынтыкталды. Ал промоушендин 2021-жылдагы алгачкы чоң окуяларынан болду.

Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.

Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду. 

Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.

Мелдеште кошуна Казакстан, Өзбекстандын мушкерлери да күч сынашты. Өзбекстандык Махмуд Мурадов америкалык Эндрю Санчез менен кез келип, үчүнчү раундда нокаутка түшүрдү. Мындай ийгилиги үчүн ал промоушенден 50 миң долларлык бонуска ээ болду. Казакстандык Жалгас Жумагулов ирактык Амир Альбази менен үч раунд кармашкан. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш ирактык спортчуга ыйгарылды.

Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.

Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.

48
Белгилер:
нокаут, Конор Макгрегор, мелдеш, UFC, Абу-Даби
Тема боюнча
UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео

Кудум мышыктай! Май үчүн бактын чокусуна чыккан түлкүнүн видеосу

244
My-Mriya Crimea Wildlife YouTube каналында чочконун майына (сала) жетиш үчүн ийилген жука бутактардын башына чыккан куу түлкүнүн видеосу жарыяланды.

"National Geographic Россия" басылмасы жазгандай, окуя Крымда болгон. Анда фотограф, блогерлердин үй-бүлөсү короосундагы бакка чымчыктар үчүн чочконун майынан бир тилим илип коюшкан. Бирок тамакты чымчыктарга "аш" кылбай түлкү жеп кеткен. Блогерлердин айтымында, мындай учур биринчи ирет кайталанбагандыктан, алар атайын камера коюп, түлкүнүн майды алып кеткен учурун видеого түшүрүп калышкан.

Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.

244
Белгилер:
видео, май, тамак, түлкү, Крым
Тема боюнча
Аппак коён кар кишинин мурдуна коюлган сабизди жеп кетти. Элжиреткен видео
Эссен университеттик клиникасында иштеген кыргызстандык хирург Азим Шайбеков

Дүйнөдөгү күчтүү профессорлор менен иштеген хирург. Германиядагы Шайбеков менен маек

0
(жаңыланган 14:21 25.01.2021)
Кыргызстандык Азим Шайбеков 2013-жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет. 37 жаштагы мекендешибиз Эссен университеттик клиникасында адам органдарын трансплантация кылып, илимий изилдөө иштери менен алек.

Медицина илимдеринин кандидаты учурда келинчеги экөө бир кызды тарбиялоодо. Чет өлкөдөгү тажрыйбалуу хирург менен үч-төрт саатка созулган операциядан кийин баарлашып, кызыктуу маек курдук.

— Германияга келип кантип күчтүү хирургдардын катарына кошулуп калдыңыз?

— Ысык-Көлгө 2012-жылы германиялык профессорлор келип, жаш дарыгерлер арасында сынак уюштурган. Ага 40 киши катышып, тандоо бир жумага созулган. Натыйжада Тинатин Какчекеева экөөбүз гана өтүп кетип, стипендияга ээ болгонбуз. Кыргызстанда медициналык академияны 2006-жылы аяктап, кийинки жылдары ординатураны, Кыргыз-Россия Славян университетинде профессор Бахадыр Бебезовдун жетектөөсүнүн алдында порталдуу гипертензия боюнча аспирантураны бүтүп иштеп жүргөм. Германияга келгенде өзүмдүн кесиптик ишмердүүлүгүмдү кайра башынан баштап, хирургиялык клиникада практикант болуп, төрт жылдан кийин операция кыла баштадым. Албетте, тил үйрөнүүдө кыйналдым. Жергиликтүүлөрдүн менталитетине, тартибине, абасына, адамдарга көнө албай жүрдүм.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков во время операции
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Маектин алдында сиз менен байланышканда бүгүн узакка созулган операция жасайм деп жаттыңыз эле. Бир күндө канча оор операция жасайсыз?

— Негизи иш күнүбүз саат 7.30да башталат. Эртең менен дарыланып жаткандарды текшерип, андан соң операцияга киребиз. Түштөн кийин андан чыгып кайра бейтаптарды көзөмөлдөп, эртеси боло турчу операцияга бейтаптарды даярдап, анализин текшерип, студенттер менен иштешип кечинде үйгө кетем. Кечки нөөмөткө турганда үчтөн бешке чейин операция жасайбыз. Ошондой эле ар кайсы шаарга барып колдонулчу бөйрөк, боорду алып келебиз. Мен университеттин клиникасында боор, бөйрөк жана эндокринологиялык, онкологиялык хирургия боюнча иштейм. Узак операциялар боорго жасалат, ал үч-төрт саатка чейин созулат. Жумушубуз өтө кылдаттыкты, көңүл бурууну, тажрыйбаны талап кылат.

— Германиядагы дарыгер ооруканага кайрылган адамды өзү кабыл алып түрдүү текшерүүдөн өткөрүп, анализдерин алып дартын аныктап, дарылануусуна чейин көзмөлдөйт экен. Мындай ыкма учурдун талабыбы?

— Бул бизде эле эмес, башка мамлекеттердеги дагы негизги талап. Эгер бейтап ооруканага алып келинсе, дарыгер туура диагноз коюп, дарылоонун тартибин бекитип, качан бутуна туруп үйүнө аман-эсен кайтарына чейин аныкташы керек. Дарыгерлердин иш билгиси ушул жөндөмдөр менен бааланат. Жумушта технологиялык бардык шарттар түзүлгөн, карамагыбызда эндоскопия, компьютердик томография өңдүү толтура аппараттар бар. Эгер зарыл болсо, бир нече мүнөттө башка кызмат, адистер жардамга чакыртылат. Германияда 80 миллиондон ашык калк жашайт. Мамлекет медициналык мекемелердин ишин абдан жакшы жолго салып койгон. Ооруп, кырсыктап же өзүн жаман сезген адам өлкөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун, кандай илдет менен кайрылбасын, 20 мүнөттүн ичинде биринчи медициналык жардамды алат. Антпесек адам өмүрүн сактап калуу үчүн убакыт абдан чоң ролду ойнойт.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Эми ошончо жөндөм, кесипкөйлүктү талап кылгандан кийин тажрыйба алмашууга, медицина тармагындагы тенденциядан артта калбоого жумушта шарт түзүлсө керек?

— Ак халатчандардын ар тараптан өнүгүп, кесиптик жөндөмүн жакшыртуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги бардык шарттарды түзгөн. Клиникада дайыма квалификацияны жогорулатуу курстары, өзүбүздүн кесиптик багытыбызга жараша сертификациялоолор өтүп турат. Клиника командировка, стажировкага, курс, окууларга жөнөтүп, илимий эмгектерибизди жарыялоого дайым көмөктөшөт. Дүйнө жүзүндө медицина күн сайын өнүгүүдө, дарыгерлер да андагы жаңычылдыктардан кабардар болуп турганы жакшы.

— Сиз да учурда кандайдыр бир илимий иштер менен алектенип жатсаңыз керек?

— Көбүнчө илимий изилдөөнү университеттик клиникалар жүргүзөт жана кызматкерлер үчүн ал акысыз. Окумуштуулар да жаш адистердин демилгесин кош колдоп турат. Азыр мен хирургиялык эндокринология боюнча илимий иш алып барып жатам. Жетекчим дүйнө жүзүнө белгилүү профессор Хенинг Дралле (Henning Dralle). Бизде илим менен алектенүүгө толук мүмкүнчүлүк бар, бир гана каалоо керек.

Ушул жерде жаштарга кеңешимди айта кетейин, адам амбициялуу, чынчыл, эч нерседен корпой ар кыл сыноолорго даяр болсо, кайда болбосун өз ордун таба алат. Жасаган иши, аракети такыр бааланбай жерде калбайт. Мен кыргызстандык кесиптештерге ар тараптан колдоо көргөзүп, жардам берүүгө даярмын. Менимче, ошолор чет жактан билим алып, иштеп тажрыйба топтоп, Кыргызстанга барып чоң өзгөрүүлөрдү жасайт.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков во время операции
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Эми трансплантология жөнүндө кеп козгойлу, акыркы жылдары көптөгөн мекендештер бул кызматты алуу үчүн чет өлкөлөргө барууда. Өзүбүздө ошондой оор операцияларды кылуу үчүн кандай аракеттерди жасашыбыз керек?

— Бул аябай чоң маселе. Биринчиден, мыйзамдарды жолго салуу зарыл. Экинчиден, өтө чоң акча талап кылат. Германияда эле боорду алмаштыруунун баасы 200 миң еврого жетет. Мисалы, бул жактын ооруканасында операциядан соң жандандыруу бөлүмүндө бир сутка жатканына эле 800 евро кетет. Кыргызстанда боордун циррозу, гепатит В, С, Д менен жабыркагандар өтө көп. Өз кезегинде ал илдеттерди кандидаттык диссертациямда изилдегем. Аны менен жабыркагандардын орто курагы 31 жаш болгон. Мындайча айтканда, келечеги кең, ал-күчкө толгон адамдар ошол илдеттен запкы чегет. Ал эми бөйрөк алмаштыруу дагы кымбат балуу операциялардын катарына кирет.

Кыргызстанга борборлоштурулган трансплантология кызматын ишке киргизүү мезгилдин талабы болуп жатат. Ал вазийпа мамлекеттик ооруканага гана жүктөлүшү керек. Менимче, эгер жеке клиникаларга тапшырсак, кылмыштык аракеттер менен коштолушу ыктымал. Тиешелүү кесипкөй адистер менен бир команда иш алып барса эле жетиштүү болот. Алардын өзүнүн жандандыруу бөлүмү, гемодиализи, иммунологиялык лабораториясы болушу абзел. Трансплантациядан кийин бейтапты кайра бутуна тургузуп, ден соолугун калыбына келтирүү өзүнчө бир чоң жумуш жана ал көп каражатты, кымбат дары-дармекти талап кылат. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан көптөн бери трансплантология боюнча ийгиликтүү иштөөдө. Кыргызстан бул багытта жакшы эле артта калып калдык жана көптөн бери чоң көйгөй болуп келе жатат.

— Түшүнүктүү. Бизде трансплантация боюнча иш алып барган саналуу эле хирургдар бар. Качандыр бир кезде мекенге кайтып келүү планыңыз барбы?

— Мен Кыргызстанды аябай сүйөм. Мекенимде жакындарым, тууган-туушкандарым жашайт. Биз чет жакта болсок дагы мамлекетибизде болгон окуяларга көз салып, Ата Журтубуз ар дайым жүргөбүздө. Кээде кайгырабыз, кээде кубанабыз. Мага, буюрса, мекендешим же кесиптешим кайрылса медицинанын кайсы багыты болбосун өзүмдүн дараметиме жараша кубануу менен жардам берем. Эгер мамлекет шарт түзүп берсе, Кыргызстанга кайтуу оюмда бар. Бирок мен бул жактагы клиника менен узак убакытка келишим түзүп койгом.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков с супругой
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Үй-бүлөңүз жөнүндө бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз?

— Келинчегим бар, үй-бүлөбүз менен Германияда орун-очок алганбыз. Экөөбүз учурда бир кызды тарбиялап чоңойтуп жатабыз. Аялым жароокер, акылдуу жан болгондуктан өзүм хирургияда ийгиликтүү иштеп жатам деп ойлойм. Анткени бул кесипти аркалагандардын үйдөгү тылы күчтүү болбосо болбойт.

0
Белгилер:
маек, медицина, Кыргызстан, хирург, Германия
Тема боюнча
Операциядан соң эсине келген жигит акылынан айнып... Хирургдун баяны
Косметологиядагы бир процедура азиз кылып коюшу мүмкүн. Дарыгердин маеги