Кыргызстандык спортчу "футболдук сокку" үчүн ММА турниринен четтетилди. Видео

Жазылуу
Мушкер Азизбек Сатыбалдиев мекендеши Бусурманкул Абдубаит уулунун ордуна чыккан болчу.

Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпиону Михринса: апамды сагынганда көйнөгүн кучактап жатчумун
Аралаш мушташ (ММА) боюнча беттеш өткөргөн кыргызстандык спортчу Азизбек Сатыбалдиев Санкт-Петербургдагы M-1 Challenge 92 турниринде атаандашына тыюу салынган сокку узаткандыгы үчүн мелдештен четтетилди. Видео спорттук уюмдун YouTube каналына жүктөлдү.

Сатыбалдиев германиялык мушкер Саба Болагиге каршы беттеш өткөргөн. Экинчи раунддун ортосунда Болаги тизелеп турганда Сатыбалдиев буту менен башка тээп салган.

Рефери Вячеслав Киселев беттешти токтотуп, жеңишти германиялык мушкерге ыйгарып, кыргызстандык спортчуну беттештен четтеткен. Мындайча айтканда Сатыбалдиевге кызыл карточка карматышкан.

Аралаш мушташтын эрежесинде атаандаш беттеш убагында партер (жерде иштөө — ред.) абалында турса башка тебүүгө, болгондо да "футболдук соккуга" (soccer-kick) тыюу салынган.

Эске сала кетсек, Азизбек Сатыбалдиев мекендеши Бусурманкул Абдубаит уулунун ордуна чыккан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0