Чачтап, чаңырып... Кызганчаак кытай келиндин чыгарган чырынын видеосу

Жазылуу
Кытайдын шаарларынын биринде чыныгы сүйүү драмасы болуп кетти. Күйөөсүн көңүлдөшү менен көчөдөн кармап алган кызганчаак аял чаң-тополоң чыгарды. Бул окуя видеого тартылып калып, аны The Daily Mail басылмасы YouTube каналына жарыялады.

Видеодон көрүнгөндөй, аял жолдошунун көңүлдөшүнүн чачынан кармап ары-бери сүйрөп, тилдеп жатат. Күйөөсү экөөнү арачалап ортого түшүп, бирок ажырата алган эмес. Жаалданган аял кызды чаламандын чак түшүндө элдин көзүнчө сабаган. Аны карап турган адамдар да жакасын кармап, таңгалып, бирок ажыраткан эмес.

"Мен сага биздин үй-бүлөдөн алыс жүр деп айтпадым беле!" — деп кыйкырып жаткан аялдын үнү угулат.

The Daily Mail басылмасы Кытайдын түндүк жагындагы Ханьчжун шаарында болгонун жазат.

Жаңылыктар түрмөгү
0