Бишкекте айдоочу маңдайындагы инспекторду бир нече метрге жөөлөдү. Видео

Жазылуу
Бишкекте жолду көзөмөлдөп жаткан кайгуул милициясын жолтандабастын ээси тоготпой койду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, окуя борбордогу Бөкөнбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгон.

"Эртең мененки саат 10:40тар чамасында эки карыя жолдун ортосунан өтүп бараткан. Ошол маалда кайда-жайдан жолтандабас чыга калгандай болду. Анан Кайгуул милициясы унааны токтотоюн деп аракет кылганда, айдоочу тоготпостон машинасы менен бир нече метрге чейин жөөлөдү", — деди күбө.

Ал окуяны үйүнүн терезесинен чыгып тартып алган.

Азырынча бул боюнча Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) комментарий бере элек.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0