Бишкектеги №1 милиция бөлүмүнүн кызматкерлери таксистти кордоду. Видео

Жазылуу
Таксист менен №1 милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосундагы окуя 1-майда болгон.

Күбө бир нече милиция кызматкери таксисттин машинасы эч кимге жолтоо болбосо да ага кыйкырып, жулкулдатып, "№1 милиция бөлүмүнүн алдынан машинаңды ал" деп жатканын видеого тартып алган.

Пресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиев: кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлерге катуу чара көрүлөт
Кайым айтышуудан кийин милиционердин бири таксистти көтөргөн бойдон милиция бөлүмүн көздөй алып жөнөгөн. Күбө окуя саат 15:30 — 16:00дөр чамасында болуп, таксисттин машинасы 3-4 сааттай турган.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы милиционер менен таксисттин жаңжалы тартылган видеону териштирип жатканын кабарлады. Ошондой эле окуяга юридикалык баа берилет.

Шаардык милициядан маалымдашкандай, милиционер менен таксисттин ортосундагы чатак таксист машинасын башка автоунаалар өтө турчу жерге коюп койгондон улам чыккан.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0