(2:43 / 196.16Mb / )

Милиция Жалал-Абаддан сойкуларды кармады. Видео

1362
(жаңыланган 09:54 04.06.2018)
Рейд учурунда төшөк кызматын көрсөтүп жүргөн төрт аял кармалган.

Милиция Жалал-Абад шаарынан сойкукана жайын аныкташты. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, милиция жергиликтүү тургундардын арыздануусунан улам 31-май күнү рейд жүргүзгөн.

"Жергиликтүү тургундар көрсөткөн үч дарек текшерилип, жыйынтыгында бир үйдөн төшөк кызматын көрсөтүп жүргөн төрт аял кармалды. Андан сырткары, акча жана спирт ичимдиктери табылган", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү менен (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) кылмыш ишин козгоду.

1362
Белгилер:
аймак, сойкулук, рейд, сойкукана, Жалал-Абад
Тема боюнча
Жалал-Абаддагы сойкукана: иштеген кыз жана сауна жетекчиси кармалды. Видео
Бишкекте жыл башынан бери интернеттен кардар издеген 64 сойку кармалды