Бычактап кое жаздады. Лондондо эреже бузган айдоочунунун ажалдан калган видеосу

Жазылуу
Учурда кол салган киши изделип жатат

Лондондо жол эрежесин бузган айдоочуну велосипедчен адам бычактап кое жаздады. Окуя видео видеорегистраторго түшүп калганын Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Бул видео YouTube каналына жайгаштырылган. 

Полицейский жестоко избил девушку на глазах дочери — видео из США - Sputnik Кыргызстан
АКШда полиция аялды кызынын көзүнчө жерге басып алып сабады. Видео
Видеодон Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаа велосипедчен адамды "жөөлөп өткөндө", ал тезинен оңго бурулуп жибергенин көрүүгө болот. Машина токтогондо велосипедчен киши бычагы менен айнекти талкалаганга аракет кылган. Арткы эшигин да ачканга ниеттенип, бирок жабык болгондуктан, айдоочу бычак жеген эмес. Акыры, айдоочу отурган эшикти талкалаганда, унаанын ээси бөлөк эшигинен чыга качкан. Мунун баары кечки саат бештерде күбөлөрдүн көзүнчө болгон.

Полициянын айтымында, жабыркагандар жана камакка алынгандар жок. Учурда кол салган киши изделип жатат. Ал буга чейин Volkswagen Polo унаасынын айдоочусу менен мурда кийин тааныштыгы бар экендиги белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0