Жөө кишини сүзүп, эки ай качып жүргөн. Шектүүнүн кармалышы видеодо

Жазылуу
Кырсык Сокулук айылында 6-апрель күнү болжол менен саат 23.30дарда болгон. Алган жаракатынан жабырлануучу мүрт кеткен.

Бишкекте жол чийинден өспүрүмдү унаа коюп кетти. Видео, сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол чийинден өспүрүмдү унаа коюп кетти. Видео, сүрөт
Сокулук райондук жана Чүй облустук милициясынын кызматкерлери киши өмүрүнө забын болгон кырсыкка шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын айтымында, кармалган киши 6-апрелде болжол менен 23.30дарда BMW унаасы менен келе жатып жөө кишини сүзүп алганын мойнуна алган. Андан соң коркуп кетип кырсык болгон жерден из суутуп кеткен да, унаасын тааныштарынын үйүнө коюп койгон. Ушу тапта шектүү Сокулук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Кырсыктан 47 жаштагы кишинин мертингени айтылган.

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиНаезд на 47-летнего пешехода в селе Сокулук
Наезд на 47-летнего пешехода в селе Сокулук  - Sputnik Кыргызстан
Наезд на 47-летнего пешехода в селе Сокулук

Жаңылыктар түрмөгү
0