Здравствуйте! Пекин Жээнбековду орусча сүйлөп тосуп алды. Видео

Жазылуу
Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен учуп барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду аэропорттон өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды. Ал орус тилинде "Саламатсызбы, урматтуу президент! Төрага Си Цзиньпин сизди күтүп жатат" деди.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа Жээнбеков менен кыргыз тилинде "Саламатсызбы!" деп учурашты.

Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи мамлекеттик сапар! Президент Кытайга эмнеге барат
Мамлекеттик сапардын алкагында Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Мамлекеттик Кеңештин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Ал эми 8-10-июнда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына учуп кетет.

Эскерте кетсек, саммитте Кытай тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалык мөөнөтү аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Мындан тышкары, Жээнбековдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0