Кыргызча ырга бийлеген балдар. Си Цзиньпин менен Жээнбековдун жолугушкан видеосу

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июнда Кытайга мамлекеттик сапар менен жөнөп кеткен.

Кытайга мамлекеттик иш-сапары жана КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине катышуу үчүн барган президент Сооронбай Жээнбековду Кытайдын лидери Си Цзиньпин "Кыргызстан" чыгармасынын, гүл көтөрүп алып бийлеген өспүрүмдөндүн коштоосунда тосуп алды.

Государственный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Китай - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кытайда кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүүнү сунуштады
Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Салтанаттуу жолугушууу аземине балдар катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты.

Мамлекеттик сапардын алкагында Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинден тышкары, Мамлекеттик Кеңештин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

Ал эми 8-10-июнда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына учуп кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0