Кытайда Кыргызстандын желеги асман тиреген имараттарды аралап өттү. Видео

Жазылуу
ШКУ саммитинин урматына лазердик шоу жана фейерверк көрсөттүлдү

Кытайдын Циндао шаарында ондогон асман тиреген көп кабаттуу имараттарда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин, желеги лазердик шоу менен көрсөтүлдү. Анын ичинде Кыргызстандын да желеги бар. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди. 

"Кытай тарап ШКУ саммитинин алдында эбегейсиз лазердик шоу жана укмуштуудай фейерверк уюштурду", — деди кабарчы. 

ШКУнун 18-саммити жекшемби күнү башталат. Бул жылы ага мүчө мамлекеттердин катары калыңдап Индия менен Пакистан дагы кошулмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0