Жээнбеков учак ичинде аткаминерлер менен жыйын курду. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбековдун учак ичинде жыйын өткөрүп бара жаткан видеосу Кытайдын Пекин шаарынан чыгып ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндаого баратканда тартылган.

Кадрдан Жээнбеков учак ичиндеги жыйындар бөлмөсүндө тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен кандайдыр бир документтерди карап талкуулап жатканын көрүүгө болот. Андан тышкары, жанында дагы үч аткаминер отурат.

Жээнбеков Манас операсын койгон кытай артисттерин Кыргызстанга чакырды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков "Манас" операсын койгон кытай артисттерин Кыргызстанга чакырды
Сооронбай Жээнбековдун бүгүн, 9-июнда, Кытайга болгон мамлекеттик иш сапары аяктап, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына барган.

Жыйында ШКУнун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0