Абага көтөрүлгөн тик учак менен самолет кагышты. АКШда тартылган видео

Жазылуу
Флоридадагы аэропорттордун биринде эки орундуу Robinson R22 тик учагы менен жеңил моторлуу Piper PA-28 учагынын кагышканы камерага түшүп калган. Окуянын видеосун The Daily Mail басылмасы жарыялады.

Колумбияда тик учак кырсыктаган жерге келген экинчи тик учак да кыйрады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Колумбияда тик учак кырсыктаган жерге келген экинчи тик учак да кыйрады. Видео
Басылманын маалыматына караганда, окуя 2017-жылы 23-сентябрда Клируотер аэропортунун учуу тилкесинде болуп, анын видеосу азыр гана жарыяланды.

Абага көтөрүлүп бараткан самолет конууга камынып жаткан тик учактын арткы бөлүгүн сүзгөн. Натыйжада экөө тең жерге кулаганын көрүүгө болот.

Жыйынтыгында эки адам жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0