Бишкекте таксист жүргүнчүнү бир чаап, унаасына күчтөп салып алды. Окуянын видеосу

Жазылуу
Facebook тармагында такси айдоочусу жүргүнчү менен урушуп жаткан видео тарады. Божомолдорго ылайык, унаага түшкөн киши жол акысын төлөбөй койгон.

Тасмада эки эркек киши айтышып жатып түртүшө кеткенин көрүүгө болот. Айдоочу жүргүнчүнүн жол кире төлөшүн талап кылууда. Бир маалда ал экинчи адамды жаакка бир чаап, машинага күчтөп салып алат.

Окуяны кош бойлуу экенин айткан аял тартып алган. Божомолдорго ылайык, ал жүргүнчүнүн жубайы болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0