Велосипед тээп жүргөн баланы терезеден карап турган "арбак". Видео

6474
(жаңыланган 09:47 26.06.2018)
Интернетте велосипед тээп жүргөн баланы эски үйдүн терезесинен карап турган "арбактын" видеосу пайда болду. Аны баланын энеси кокустан видеого тартып калган.

Metro басылмасынын маалыматында, ролик 19-кылымда курулган Пейнтондогу (Англия) Oldway Mansion үйүндө тартылган. Луиза Лентон видеону карап отуруп, уулун терезеден карап турган адамдын сөлөкөтүн көрүп таң калган.

Анын ою боюнча "арбак" чачы түйүлгөн, илгерки доорго таандык кара көйнөк кийген аялга окшош. Лентон кароолчулардан "ошол учурда учурда үйдө бирөө жарым бар беле" деп сураганда, эч ким болбогонун айтышкан.

6474
Белгилер:
арбак, видео, Англия
Тема боюнча
Тепкичтин ортосунда чачын жайып отурчу. Музейчилердин мумия тууралуу имиштери
Пикирлер