Ажалы жок экен! Автоунаанын алдыңкы терезесинен учуп кеткен киши аман калган видео

Жазылуу
Катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа тосмону барып сүзгөндө, жүргүнчү маңдайкы терезеден 20 метрдей учуп кеткен.

Американын Орландо шаарында машина тосмону сүзүп, маңдайкы терезеден киши 20 метрдей учуп кеткенин The Sun басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, машинанын ичинде айдоочу менен кошо төрт киши болгон. Алар ооруканага жеткирилип, олуттуу жаракат албагандыктан тез эле чыгарылган. 23 жаштагы айдоочу Стивен Дос Сантос сурак учурунда полицияга уктап кеткенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0