(2:47 / 21.23Mb / )

Сулуу бийкеч муунтканды үйрөткөндө... Барчынай Узгенбаева мастер-класс көрсөттү

1008
(жаңыланган 17:45 16.06.2018)
Кыргызстандык Барчынай Узгенбаева грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, аралаш мушташ (ММА) боюнча эки профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү.

Узгенбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине грэпплингдин эң кызыктуу жана үйрөнгөнгө оңой болгон ыкмаларын көрсөтүп берди. Спортчу кыздын мастер-класстагы өнөктөшү Азия чемпиону Манасбек Эркул уулу болду.

Грэпплинг — күрөштүн бир түрү. Башка спорттон айырмасы муунтуу, толгоо, кайруу ыкмалары колдонулат. АКШда негизделип, бизче "багындыруу" дегенди билдирет.

Барчынай Узгенбаева жакында эле WEF Global 12 турниринде өзбекстандык атаандашын колдуу кайруу ыкмасы менен жеңип алган болчу.

1008
Белгилер:
Барчынай Узгенбаева, спорт, Грэпплинг, мастер-класс
Тема:
Белгилүү спортчулардын мастер-классы (7)
Тема боюнча
WEF: Барчынай Узгенбаева атаандашынын колун кайрып утуп алды... Кармаштын видеосу
Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум

Жалал-Абадда бир суткада 9 килограммга жакын нашаа табылды. Видео

82
(жаңыланган 14:47 16.09.2021)
11-сентябрда Жалал-Абад облусунда эки килограмм нашаа менен өзбекстандык жаран кармалган. Көп өтпөй башка шектүүдөн дагы 7 килограммга жакын баңгизат чыккан.

Милиция 9 килограммга чукул афган гашишин тапканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, видеосун таратты.

11-сентябрда саат 14:00гө чукул Жалал-Абадда 51 жаштагы Т. О. аттуу өзбекстандык жаран кармалган. Милициянын айтымына караганда, ал Өзбекстанда да, Кыргызстанда да бир нече ирет сот жообуна тартылган.

"Кармалган жаранды текшергенде жанынан түстүү баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон эки таңгактагы кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат чыккан. Жалпы салмагы 1 килограмм 905 грамм болгон заттын "афган гашиши" экендиги аныкталган.

Ошол эле күнү Т.О. саат 19:00дөр чамасында баңгизатты сатууну көздөгөнү анык болду. Саткан баңгизатынын акчасын алып жатканда Сузак районунун 1995-жылы туулган К.А. аттуу тургуну кармалган. Тинткенде шымынын оң чөнтөгүнөн 8000 доллар табылган", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Ал эми 12-сентябрда түнкү саат 01:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарында К.А. аттуу жарандын жашаган жерин текшере келгенде 5 таңгак зат табылган.

"Анын жалпы салмагы 6 килограмм 922 грамм, "афган гашиши" болуп чыкты. Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

82
Белгилер:
Кыргызстан, Жалал-Абад, Афганистан, гашиш, баңгизат, милиция, кармоо
Тема боюнча
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети
УКМК баңгизат сатуу боюнча ири канал түзгөн топту аныктап, бир мүчөсүн кармады

Ажатканага барганды үйрөнгөн музоолор. Кызык учурдун видеосу

115
Окумуштуулардын айтымында, уйдун заарасында азот көп. Химиялык затты иштетүү үчүн илимпоздор музоолорго эксперимент жүргүзүп көргөн.

Германиялык окумуштуулар жаңы зеландиялык кесиптештери менен бирге экологияны коргоо үчүн ири мүйүздүү малды ажатканага барганды үйрөткөнүн National Geographic басылмасы жазды.

Кызык учурдун видеосу басылманын Youtube каналына жарыяланды.

Окумуштуулардын айтымында, уйдун заарасында азот көп. Химиялык затты иштетүү үчүн илимпоздор музоолорго эксперимент жүргүзүп көргөн. Аларды тосулган жайда кармап, заара кылган сайын музоолорго даамдуу тамак берип турушкан. Кийинчерээк аларды кармаган жай кеңейтилип торпоктор ажатканага өздөрү барып келгендей шарт түзүлгөн. Ажатканага жетпей заара кылып салгандарга суу чачышкан. Бул иштер 15 күнгө созулуп, сегиз музоонун ичинен жетөө ажатканага барып заара кылганды үйрөнгөн.

115
Белгилер:
Жаңы Зеландия, Германия, уй, ажаткана
Тема боюнча
Кескелдирикти, жыланды да "сулуулайт". Өзгөчө кесиптин ээси менен видеомаек
Ээсине эркелеп жатып көз ирмемде "азезилге" айланган ит. Кызыктуу видео
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында ойногон балдар. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

0
17-сентябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде туруксуз аба ырайы күтүлүп, кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Таласта +26…+31 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градуска жогорулайт.

0
Белгилер:
аба ырайы, сентябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда чет элдик компания жол куруп жатабы? Расмий жооп