Индонезияда энесинин сөөгү салынган табыт кулап, уулу мерт болду. Видео

Жазылуу
Маркумдун уулу 40 жашта экени айтылды. Ал ооруканага алып бараткан жолдо үзүлгөн.

Индонезияда эркек киши энесинин тажыясында каза болгонун РИА Новости жазып чыкты.

Автосалон BMW в штате Колорадо - Sputnik Кыргызстан
Нигериялык киши атасын табыттын ордуна 88 миң долларлык унаа менен жерге берди
Сулавеси аралында 15-июнь күнү өтүп жаткан маркумду узатуу зыйнатында эркек кишилердин тобу табытты атайын орнотулган постаментке көтөрүп чыгышкан. Бирок тепкич сынып кетип, адамдар ылдый кулап түшкөн да табыт өлгөн аялдын 40 жаштагы баласынын башына тийген.

Жабырлануучуну аман алып калууга аракет кылышкан. Бирок ал ооруканага бараткан жолдо жан берген. Окуянын кесепетинен дагы бир топ киши жабыркаганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0