Аба майдандагы көз жаш. Чыңгыз Анарбек уулунун апасы Москвага жөнөп кетти. Видео

Жазылуу
Москванын чок ортосунда автоунаа жөө адамдарды сүзгөн 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун энеси Замураткан Манапбаева бүгүн, 17-июнда, баласынын жанына Россияга жөнөп кетти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан анын апасы жана туугандары менен баарлашууга үлгүрдү.

Чыңгыз Анарбек уулунун үй-бүлөсү Бишкектин Мурас-Ордо конушунда жашайт. Алар уулунун кырсыктаганы тууралуу бүгүн эртең менен Аксыдагы туугандарынын үйүнө милиция келгенде билишкен.

"Баламдын ичинде эч жаман ою жок болчу. Ал — Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчу. Мурда бир карындашы жана иниси үчөө кафеде ашпозчу болуп иштеп жүргөн. Бир ай мурда ал жактан чыгып такси кызматына орношкон экен. Келиним аны көп уктабай жатат деп айтканынан "кой, балам, такси жаман экен, иштебей эле койчу" десем "жок, апа уктап алып иштей берем, жакшы эле" деп койгон. Баламдын чындыкка жетишине жардам бергиле! Анын күнөөсү жок, бул кокустук болду, уктап кетиптир. Ал коркконунан эле шок абалында качып кетти окшойт", — деп мүңүркөйт апасы.

Ал эми бир тууган агасы Алмаз Анарбеков иниси мурда-кийин ичип-чекпеген, бирөө менен бейчеки урушпаган бир мүнөз экенин белгиледи.

Москванын чок ортосунда автоунаа жөө адамдарды сүзүп кеткен 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Эки кызын эки жакка калтырган. Москвада кырсыктаган таксисттин апасы жана жакындары
"Маал-маалы менен Кыргызстанга келип эс алып кетчү. Ала-Тоо конушуна өзүнө үй салып жаткан. Аны толугу менен бүтүрөм деп 6 ай мурда кеткен эле. Келинчеги жакында эле кыздарынын улуусун таенесине, кичүүсүн бизге калтырып, Чыңгызга жардам берип иштейин деп кеткен эле. Ал тууралуу Москвадагылардан сурагыла, эч ким жаман айтпайт. Өзү ачка калса да, башкаларга берчү.", — деди Анарбеков.

Ошондой эле таежеси Замира Манапбаева бул күтүүсүз окуя болгонун белгиледи.

"Чыңгыз менин үйүмдө, мен алардыкында жүрүп, аны жакшы таанып билем. Мелдештерге катышканын көрүп сыймыктанчубуз. Ал мындай ишке бара турган бала эмес. Бул жерде кырсык болуп кетти", — деди таежеси.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москванын чок ортосунда такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кетип, из жашырып кетүүгө аракет кылган. Аны окуянын күбөлөрү кармап калган. Кийинчерээк андан кыргыз паспорту табылып, кырсыкка кириптер болгон адам Кыргызстандын жараны экени аныкталган.

Обвиняемый в камере. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
20 саат уктабай калгам. Кыргызстандык таксисттин көрсөтмө берип жаткан видеосу
Россиянын Саламаттыкты сактоо департаменти РИА Новостиге билдиргендей, кырсыктан жаракат алгандардын бешөө кечээ эле медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кеткен. Калган үч жарандын абалы учурда канаатандыраарлык. Жакында алар да ооруканадан чыгарылат, арасында чет элдин жарандары жок. 

КРдин Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү учурда бул боюнча Россиянын укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууда. Министрликтин маалыматына ылайык, Анарбек улуунун кандайдыр бир күмөн жараткан же экстремисттик уюмдар менен байланышы жоктугу аныкталган. Үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө эч кандай тыюу салынган материалдар табылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0