Айдоочу аялды жаакка чапкан киши милиционерби? Бишкектин четинде тартылган видео

Жазылуу
Бишкектин чет жакасындагы Военно-Антоновка айылында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери делген киши айдоочу аялга кол көтөргөнү видеого түшүп калган.

Военно-Антоновка айылындагы Пушкин менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын көзөмөлдөгөн эки кайгуулчу күзөттө турган. Алардын бири формачан болсо, экинчиси жөнөкөй кийимчен экени көрүнүп турат. ЖКККББ кызматкери Honda Inspire үлгүсүндөгү унааны токтоткондо ичинен аял чыккан.

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Милиционер акы төлөөдөн качып тамакка ыпыр-сыпыр кошуп койдубу? Видео
Сыртта турган видео каттагыч жөнөкөй кийимчен киши айдоочу аялды бетке бир чапканын тартып алган. Жабырлануучу ЖКККББ унаасынын жанында дагы 15-20 мүнөттөй турган. Кийин ага жаш жигит келип, ЖКККББ кызматкерлери менен бир нерселерди сүйлөшкөн. Андан соң Бишкек тарапты көздөй кетишкен.

Автоунаа техникалык кароо станциясынын кызматкерлери (СТО) эртеси күнү айдоочу аял аларга келип, видео жазылманы алып кеткенин билдиришти. Жумушчулардын айтымында, аялдын бетинде так калып калган.

Чүй облустук ЖКККББ окуяны көзөмөлгө алганын маалымдады. Учурда аталган дарек боюнча кайсы кызматкерлер күзөттө турганы иликтенүүдө. Ал эми Чүй ОИИББ аялдын арыз жазган-жазбаганын айта элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0