Бишкекте быйыл автоунаа өтө турган төрт көпүрө курулуп бүтөт. Видео

Жазылуу
Курулуштун бардыгын жыл аягына чейин бүтүрүү каралган.

Бишкекте автоунаалар өтө турчу төрт көпүрө курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат катчысы Елена Горбачева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, көпүрөлөр жол кыймылын жеңилдетүү үчүн салынууда. Чоң Чүй каналына салынып жаткан көпүрөнүн видеосу башкармалыктын Facebook баракчасына жарыяланды.

Оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өкмөттүк трасса менен дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылат. Карта
Бул көпүрө Чоң Чүй каналы аркылуу Орозбеков көчөсүнүн түндүк жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырат.

Андан сырткары Токтогул көчөсү аркылуу Аламүдүн дарыясына дагы көпүрө салынууда. Ошондой эле Токтоналиев менен Медеров көчөлөрү жакка үчүнчү көпүрө курулуп жатат. Ал эми эң чоң эстакадалык көпүрөнүн курулушу Лев Толстой көчөсүндө жүрүүдө. Аны менен катар Лев Толстой көчөсүн батышты карай Алыкулов, чыгышты карай Ауэзов көчөсүнө чейин узартуу иштери аткарылууда. Курулуш иштеринин бардыгы 2018-жылдын соңуна дейре аяктайт.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү оңдолуп жатат. Жаңыланган тизме менен бул жактан таанышыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0