Атасы башы менен отко кирип, күйүп жаткан унаадан баласын чыгарып кетти. Видео

Жазылуу
Унаа жарышка катышкан британиялык айдоочу Майк Жонсон бир ажалдан аман калды. Окуя Вирджиния штатындагы NASCAR ассоциациясынын автоунаалар жарышында болду.

Racing News кабарлагандай, айдоочу атаандашынын машинасын сүзүп, андан соң жол боюндагы тосмого катуу урунганда өрт чыгып кеткен.

Алыс эмес жерде турган атасы Дон Жонс баласын унаадан сүйрөп чыгып куткарууга жетишкен. 

"Менин коркконго убактым болгон жок, аны сууруп чыгышым керек болду. Жөн эле баласына жардам берген атамын. Мага ошол учурда баламды аман сактап калууга эч ким тоскоолдук кыла албайт эле, жада калса Иисус дагы", — деди Дон Жонс.

Ошондой эле, баланын атасы окуя болгон учурда автомашинанын өрткө каршы системасын иштетүүгө жетишип калганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0