Эл алдында үйрөтүүчүсүнө кол салган аюу. Жүрөк түшүргөн видео

Жазылуу
Интернет колдонуучулар адамга караганда жаныбарга көбүрөөк жан тартып жатышат.

Разъяренный орангутан сразился с бульдозером, спасая свой лес. Видео - Sputnik Кыргызстан
Токойду коргогон орангутан бульдозер менен кармаша кетти. Видео
Россияда цирк аюусу үйрөтүүчүсүнө кол салды. Волгоград облусунда болгон окуянын видеосун күбө YouTube каналына жүктөгөн. Маалыматка караганда, жаныбарды сахнага алып чыгып, ар кандай номерлерди көрсөтө башташкан. Ошол маалда аюу аренадан кетип калгысы келип, бирок ага таптоочулар тоскоолдук кылган. Мындан улам жинденген жырткыч үйрөткөн кишиге кол салды.

Аюу эркек кишини жерге жыгып алып, тиштөөгө аракет кылган. Бирок ал жаныбардын азуусунан кутулуп кетүүгө жетишти. Кийин айтылгандай, цирк кызматкери жаракат алган эмес.

Видеонун алдына жазылган комментарийлерге караганда, интернет колдонуучулар адамга эмес, жаныбарга көбүрөөк жан тартып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0