Бишкекте эки автоунаа бетме-бет кагышты. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Жол кырсыгы 24-июнда эртең менен болуп, Subaru Forester менен Toyota RAV4 кагышкан.

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда эки автоунаа бетме-бет кагышып, үч киши жаракат алганын Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 24-июнда саат 11:00дөр чамасында жолдун 47-чакырымында болгон.

"Чыгышты көздөй бараткан Subaru Forester автоунаасы Toyota RAV4 машинасы менен кагышкан. Кесепетинен Toyota RAV4 жолдон чыгып кеткен", — деп милициядан кабарлашты.

Окуянын чоо-жайы такталууда.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0