Жумушчу курулуштагы кранга чыгып алып намаз окуганда... Бишкекте тартылган видео

Жазылуу
Видео борбор калаадагы курулуштардын биринде тартылган.

Күбө курулуштардын бириндеги крандын башында намаз окуп жаткан кишинин видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номерине жөнөттү.

Видеодо көп кабаттуу үйдү куруп жаткан крандын үстүнө чыгып алып намаз окуп жаткан кишини көрүүгө болот. Ал крандын машинисти же куруучу болушу мүмкүн.

Ушул эле учурда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырынан башка кишилерди дагы көрүүгө болот.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0