(0:25 / 3.29Mb / )

Футбол фанаты Германиянын желегин ич кийимден жасады. Видео

159
(жаңыланган 09:39 26.06.2018)
Немец футбол фанаты Майкл Пеппе аялдын ич кийиминен өз өлкөсүнүн желегин жасады.

Ал тууну жасоого 25 даана ич кийимди колдонгон. Анын айтымында, идеяны жубайы көтөрүп чыгып, желек даяр болгондон кийин "эми көйгөй жаралбаса экен" деп эскерткен.

Азыр Пеппе желекти велосипедине тагып алып көчө аралап, көпчүлүктү күлдүрүп жүрөт.

159
Белгилер:
кийим, желек, чемпионат, футбол, Германия
Тема:
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты (112)
Тема боюнча
Футболист журналист кызды көздөй кулаган темирди тээп токтотуп калды. Видео
Интернетке Футбол чемпионатынын "гимни" жарыяланып, хит боло баштады
Жашагыңды келтирет! Футбол чемпионатында күйөрмандык кылган сулуулар

Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип

26
(жаңыланган 12:18 14.05.2021)
Чемпионаттын расмий ырын голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышты.

Трек We are the people ("Биз — элбиз") деп аталат.

"Жаңы ырымды (Боно жана Эдже катышкан) тартуулай турчу да күн келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот", — деген Гаррикс.

2020-жылга белгиленген Европа чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай айына жылдырылган болчу.

Европа биринчилигин 11-июндан тарта 11-июлга чейин континенттеги 11 шаарда өткөрүү пландалган. Ал үчүн Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

26
Белгилер:
клип, мелдеш, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат

Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео

171
(жаңыланган 11:16 13.05.2021)
Бүгүн мусулман эли Орозо айтты белгилеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаалдан улам эл айт намазга борбордук аянттарга эмес, мечиттерге гана чогулду. 

Бишкек шаарында  Имам Сарахси атындагы башкы мечитте  шаардын миңдеген тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы окулду.

Намазга эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15те башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев "Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери" деген темада баяндамасын жасап, кыргызстандык мусулмандарды куттукташты.

Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң куран окулуп, маркумдарга жана Баткен окуясында каза тапкан бир туугандардын арбактарына багышталды.

Быйыл орозо айы 13-апрелде башталып, 30 күнгө созулду. Айт күнү мусулмандар тууган-уруктарынын үйүнө барып ал-жай сурап, айттап, ошондой эле көзү өтүп кеткен жакындарына багыштап куран окушат.

171
Белгилер:
мечит, майрам, орозо айт, Айт намаз, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Үч түрдүү бата дароо кабылданат деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек
UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченко UFC берген 50 миң доллар бонусту кайда коротконун айтты. Видео

0
antonina-shevchenko-ufc-50-min-dollar-bonus-korotuu 15-майда Шевченко UFC уюмундагы алтынчы беттешине чыгат. Ага америкалык мушкер кыз Андреа Ли атаандаш болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко өткөн беттеште алган бонусун кантип коротконун, кезектеги атаандашы америкалык Андреа Ли менен кантип таанышканын айтып берди. Бул тууралуу спортчу UFC Russia уюмунун YouTube каналына берген маегинде билдирди.

"Алган бонустардын баарын мен учууларга коротуп жатам. Буга чейинки беттештерде алган сый акыларыма мыкты учак сатып алгам. Менин көптөн бери максат кылып жүргөн көксөөм орундалды", — деген ал.

Белгилеп кетсек, Антонина эки ирет, 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын ноябрындагы мелдештерде мыкты кармаш тартуулагандыгы үчүн 50 миң доллардан бонус сый акы алган.

Кыргызстандык мушкер кыз, ошондой эле, учурдагы атаандашы менен кантип таанышып калганын да айткан.

"Биз АКШга көчүп келгенде Хьюстондо жашап калдык. Андреа Ли дагы Техастан болот. Биз анын кикбоксинг боюнча беттешин көргөнбүз. Валентина да ал мелдешке катышкан. Жолукканбыз, сүйлөшкөнбүз, бирок бирге машыккан эмеспиз", — деди Антонина.

Эске сала кетсек, 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдеши өтөт. Анда кыргызстандык Антонина Шевченко промоушендин алкагында алтынчы беттешине чыгып, КГБ каймана аттуу Андреа Ли менен кармашат.

0
Белгилер:
учак, бонус, беттешүү, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады
Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды