Бишкекте тандырдан өрт чыгып, жанындагы курулуш да күйүп кетти. Видео

(жаңыланган 12:39 27.06.2018)
Кырсык бүгүн түнү саат 1.30да болгон.

Бишкекте тандырдан өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, окуя 27-июнь түнү Чүй проспектисиндеги ТЭЦтин аймагында саат 1.30да болгон.

"Тандыр менен кошо анын жанындагы курулуш өрттөнүп кетти. Анда нан жаап иштеген үй-бүлө жашап келген. Менин билишимче жабыркагандар жок", — деди күбө.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат саат 1.37де келип түшкөн. Саат 1.42де бир өрт өчүрүүчү унаа жерине барып, саат 1.53тө өрт чектелген. Толугу менен 45 мүнөттөн кийин өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 40 чарчы метр аянт менен кошо анча-мынча эмерек күйгөн.

Жабырлануучулар менен каза болгондор жок. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын монтаждоодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Белгилер:
тандыр, өрт, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги ресторанда өрт чыкты. Сүрөт
Бишкектеги соода борборунда өрт чыкты

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо

(жаңыланган 17:16 18.04.2021)
Эки спортчу тең мурда жеңилүү ызасын тарткандан кийин рингге чыгышкан. Кыргызстандык боксчуга жеңиш оңойчулук менен келген жок. Каршылашы менен жети раунд беттешип багындырды.

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.

Аталган уюмдан Сулайманбек уулу дал ушул жеңиши үчүн бокска кайтканын белгилешти. Ал өткөн жылы март айында нокаут менен утулуп калган эле.

Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.

Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.

Белгилер:
жеңиш, беттешүү, бокс, Акжол Сулайманбек уулу
Тема боюнча
Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин Парламенттик ассамблеядагы өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Встреча торага Жогорку Кенеша Таланта Мамытова с соотечественниками в Санкт-Петербурге
    Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба ЖК
1 / 3
© Фото / пресс-служба ЖК
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.

"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.

Белгилер:
жолугушуу, мигранттар, жыйын, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды