Кытай: унааларды аңтара сүзгөн айдоочунун видеосу тарап жатат

Жазылуу
Кытайдын тургуну автожүктөгүч менен жолдо бараткан машиналарды сүзгүлөгөн үрөй учурган видео интернетте жайылууда.

South China Morning Post басылмасынын жазышынча окуя 25-июнда Шаньдун провинциясынын Яньтай шаарында болгон.

Анын кесепетинен бир киши окуя болгон жерден каза болуп, ондон ашык киши түрдүү жаракаттарды алган. Ошондой эле ондогон автоунаа талкаланган.

"Кишини токтотууга көрүлгөн аракеттен майнап чыкпагандыктан акырында полиция аны атып токтоткон. Ал алган жаракатынан каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Автожүктөгүчтү 45 жаштагы Ван Чжихуа айдап жүргөн. Ал эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0