Мына сага! Бишкектин тургуну Москвадан Кыргызстанга велосипед тээп келди

Жазылуу
Кыргызстандык Сергей Прядко Москвадан Бишкекке башка жарандардай эле учак, автобус же поезд менен келсе болмок. Бирок ал өзгөчө ыкманы тандаган.

Ал Москванын Кызыл аянтынан түз эле Бишкекти көздөй велосипед менен чыгып, 5 миң чакырым жолду 45 күндө басып өтүп мекенине жетти. Ал шаарларды жолду катар видеого тартып келген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы саякатчыны бир айдан ашык күтүп, борбор калаага келээри менен жолугуп, камдап койгон суроолорун узатты.

— Мындай кадамга баруу коркунуч туудурган жокпу?

— Бул идеяны беш ай бышырдым. Жыйынтыгында зарыл болгон бардык нерсени велосипедден тарта сатып алып, сапарга чыктым. Бир гана алдыда эмне күтүп турат деген туңгуюктук чочулатты. Андан сырткары, жол кандай болот, кайда түнөйм, тамактанам, кандай кишилер жолугат деген ойлор келди. Бирок мени 5 000 чакырым жер жүрүүнүн өзү шыктандырып турду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСергей Прядко: Кыргызстандын тоолору 300 чакырымдан эле көрүндү. Бул педалды ылдам айлантып бат жетүүмө дем берди.
Велосипедист Сергей Прядко - Sputnik Кыргызстан
Сергей Прядко: Кыргызстандын тоолору 300 чакырымдан эле көрүндү. Бул педалды ылдам айлантып бат жетүүмө дем берди.

— Кандай кыйынчылыктар болду?

Эпичное приключение — туристы сняли красочные места Кыргызстана с дрона - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кооздугу алаканга салгандай көрүнөт. Туристтер тарткан видео
— Казань шаарына келгенде аба ырайы аябай бузулду. 4 градус суукта велосипед тээп бараттым. Анан калса кар дагы жаап туруп алды. Мен жылуу кийим алган эмес элем. Чатыр жана төшөнчүлөрүм жанды алып калды. Андан сырткары, педалды ыңгайлуусуна алмаштырып албагандыктан томугумду оорутуп алдым. Екатеринбургга келгенде алмаштырып, жаным жай алып калды.

Казакстанга жеткенде үч күн катуу шамалда калдым. Биринчи жолу Балхаш аймагынан жыгылдым. Жолдо машинасын оңдоп жаткан балдарга жардам берейин деп токтогондо катуу шамал болуп кетти. Мен мындайга даяр болбогондуктан шамалдын ыргагы менен учуп түштүм. 4 миң чакырымды алда немедей эле өтүп, шамалга туруштук бере албай жыгылганым кызык болду.

— Велосипед бузулган жокпу?

— Дөңгөлөгүм кайсы жерден жарылды деп ойлойсуңар? Токойдобу же шагылдуу жолдобу? Жок, жаңы салынган трассадан жарылды. Кыргызстанга кирип келе жатканда экинчи жолу жарылды. Жалпысынан айтканда олуттуу деле кыйынчылык болгон жок.

— Кандай кишилер тосуп алды?

— Аябай мээримдүү экен. Мисалы Казакстанда кишилер машинасынын сигналын басып учурашып жатышты. Керек болсо аларга кол булгалап жатып колум дагы чарчады. Көбү тамак-аш, кийим-кече жана акча жагынан кол сунду. Кээде полиция мени коштоп жүрүп, кандайдыр бир көйгөй жаралса чал деп телефон номерлерин беришти.

Ии, баса, полиция талаага түнөбөй, өмүргө коркунуч туудура турган жөргөмүш менен карышкырлар бар экенин эскертип жатышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСергей Прядко: мен бир нерсени көздөсөм аны аягына чейин жасайм
Велосипедист Сергей Прядко - Sputnik Кыргызстан
Сергей Прядко: мен бир нерсени көздөсөм аны аягына чейин жасайм

— Канча акча кетти?

— Болжол менен 25 миң рубль. Жолдо мейманканаларга түнөгөн жокмун. Айрым кишилер үйүмө түнөп кет деп сунуштап жатышты.

— Кыргызстанга жакындаганда кандай сезим болду?

— Кыргызстандын тоолору 300 чакырымдан эле көрүндү. Бул педалды ылдам айлантып бат жетүүмө дем берди.

— Эмне жумуш кыласыз? Үй-бүлөңүз идеяңызга каршы болгон жокпу?

— Бишкекте жашайм, Москвада иштейм. Үй-бүлөм каршы болгон жок. Анткени мен бир нерсени көздөсөм аны аягына чейин жасарымды билишет.

— Бул аракетиңизди дагы кайталайын деген ой барбы?

— Дал ушул маршрут боюнча болот деп так айта албайм. Башка мамлекеттерге баргым келет. Азырынча кайсы өлкөдөн баштоону чече элекмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0