(0:22 / 2.77Mb / )

Чык эшикке! Тыйын чычкан үкүнү кууп чыккан видео

584
(жаңыланган 14:44 06.07.2018)
Баш калка талашкан жаныбарлардын видеосу интернеттегилердин кызыгуусун жаратты.

Улуу Британиядагы токойлордун биринде тыйын чычкан уясына кирип алган үкүнү бийиктиктен түртүп жиберди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Баш калка талашкан жаныбарлардын видеосу интернеттегилердин кызыгуусун жаратты.

Окуя бактын башындагы уяда болгон. Тыйын чычкандын коңулга кирип кеткендигин көрүүгө болот, бир нече ирмемдерден кийин түпкүр жактан үкү пайда болду. Бир аздан соң уянын оозунда отурган үкүнү тыйын чычкандын түртүп жибергенин көрүүгө болот.

584
Белгилер:
тыйын чычкан, Улуу Британия
Тема боюнча
Үч буттуу аюу өлүп калбай, жашап кетип, мамалактуу да болгон. Видео

Тегеренип тээп, намысын бербей кармашып... Соңку UFC турниринен кызыктуу видео

22
(жаңыланган 16:57 07.03.2021)
UFC уюмунун кезектеги турниринде айрым мушкерлер күтүүсүз жерден чемпион аталса, кээ бири карьерасында биринчи жолу жеңилүү ызасын тартып, дагы бири ишенимдүү түрдө утту.

Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).

Аманда Нуньес азырынча ага татыктуу атаандаш жок экенин тастыктады. Ага караганда бойлуу, сөөк-саактуу келген Меган Андерсон биринчи раундда эле өзүн көрсөтө алган жок.

UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.

Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.

22
Белгилер:
видео, беттешүү, мушкер, Петр Ян, Аманда Нуньес, UFC
Тема боюнча
UFC мушкерлери Нуньес менен Андерсондун көз караштар таймашы. Видео
Спортко кайткыс кылып сабаган! Нуньес Роузини уткан беттеш толугу менен жарыяланды

Байгеге карышкыр да коюлду. Дача СУдагы бүйүр кызыткан аламан улактын видеосу

1514
(жаңыланган 21:46 06.03.2021)
Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында чоң аламан улак оюну болду. Ага болжол менен миңге чукул улакчы катышып, салмагы 70 килограмм болгон торпокту тартышты. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.

Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып келет, белгилүү балбандардын бири.

Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10дой тай, торпок, топоз коюлду. Бирок мындай соорундарды утуп алуу оңойго турбайт. Адегенде улакчынын билеги күчтүү, аргымагы күлүк болушу керек.

Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Эрендер кең талаада жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.

1514
Белгилер:
улакчы, торпок, оюн, байге, аламан улак тартыш
Тема боюнча
Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду
"Ынтымак" "Достуктун" айласын кетирип утуп алды. Урунттуу учурлар видеодо
Манас Ниязов Көчмөндөр оюнунда араздашкан казак улакчысы менен элдешти. Видео