Казакстандык туристтердин артынан түшкөн BMW. Бишкектин четинен тартылган видео

Жазылуу
Бишкекке жакын жерде BMW E34 үлгүсүндөгү унаа казакстандык үй-бүлөнүн артынан түшкөн.

Видеоролик жарандык активист Болота Ибрагимовдун Youtube-каналына жүктөлдү.

Андагы маалыматка караганда, окуя Чүй облусуна караштуу Лебединовка айылында болгон.

Нарын облусунун Оттук айылындагы Бишкек — Нарын — Торугарт автожолуна кайгуул милициясынын машинасынын макети коюлду - Sputnik Кыргызстан
Нарынга милициянын автоунаасынын макети коюлду. Сүрөт
Иномарканын айдоочусу казакстандык конокоторду кууп жетип, унаасын токтотууну талап кылган. Ал өзүн Криминалдык милициянын кызматкери катары тааныштырган.

Туристтин айтымында, ал орой мамиле жасоо менен паспортун алып койгон. Бирок унаадагы аялын көрүп документин кайтарып берген. Кайым айтышуудан кийин үй-бүлө жолун улаган. Бирок BMW алардын артынан калбай эрчип, төрт чакырымга чейин барган.

Роликте айтылгандай, Казакстандын жараны криминалдык милицияга телефон чалып окуя тууралуу айтып берген.

"Натыйжада ал милиционер эмес, жолдогу шылуун болуп чыккан", — деп роликте айтылат.

Чүй ОИИББ милиция текшерүү иштерин баштаганын маалымдады.

"Чүй ОИИББ менен ИИМ ишти өз көзөмөлүнө алды. Видеодогу киши криминалдык милициянын кызматкериби же жокпу териштирилет", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Унаанын мамлекеттик номери — B 33 94 AR.

Жаңылыктар түрмөгү
0