Нарындагы Памир кыргыздары эмнеге нааразы? Видеорепортаж

Жазылуу
Кыргызстанга келген памирлик туугандардын ичинен 18и 6-июнда Бишкектен Афганистанды көздөй жол тартты. Ал эми Нарында боордоштордун 31и калган.

Буга чейин ЖМК өкүлдөрү Нарындагы памирлик кыргыздардын айрымдары мал кайтарып иштеген акысын ала албай калганын жазып, депутат Жанар Акаев туугандарга өкмөт тараптан көңүл бурулбай жатканын айткан эле.

Памир кыргыздары тоолуу аймакта кандай күн кечирип жатат, алар тууралуу ЖМКларга тараган маалыматтар чынбы? Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары кандаштардын турмушу менен таанышып келди.

Бош жаткан боордоштор

Мурдагы президент Атамбаевдин атын алган кичинекей Алмазбек ата-эне, туугандары менен Нарын облусунун Ак-Коргон айылында турат. Бул үйдө кичинекей балдарды кошкондо 15 адам жашайт. Арасында Абдыбаит Жээнбек уулунун кыз-күйөө, куда-сөөгү да бар.

"Жубайым Кыргызстандан көз жарып, уулумдун атын Алмазбек койгонбуз. Ошондо экс-президент бизге ушул чоң үйдү белек кылды эле. Памирден келген туугандарды ар кайсы районго бөлгөндө кыз-күйөөмдү алыс кетирбей эле өзүбүздүн үйгө алып калганбыз. Аларга кошулуп кудагый, кудачалар да биз менен турушат. Батирде баш калкалап жүргөндөн көрө биз менен чогуу болгондору эле жакшы", — деди Жээнбек уулу.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваПамирлик кыргыз Исламиддин Насриддин уулу Нарында мал баккандан башка жумушта иштегиси келерин айтты
Жизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыз Исламиддин Насриддин уулу Нарында мал баккандан башка жумушта иштегиси келерин айтты

15 адам жашаганы менен үйлөрү тынч. Кошуналарынын айтымында, памирликтер көчөгө, сыртка деле көп чыгышпайт экен. Кичине балдар эле чурулдап ойнобосо, чоңураактарынын эрмеги — телефон. Кыз-келиндери анда-санда алаксып сайма сайып үй оокаты менен алектенсе, эркектери кыларга жумуш жок дейт.

Афганистанга кетип бараткан Памир кыргыздарынын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кандаштар Памирге кайткан себебин айтышты. Сапар алдындагы видео
"Иш кылганга көңүл жок. Себеби бул жактан эч кимди тааныбайбыз, Памирден келген туугандарды да ар кай жерге бөлүп салган. Баарыбыз бир жерде болсок да көңүлдөнүп оокат кылат элек. Себеби Памирден деле бизге өкмөт жардам бербей өз арбайыбызды өзүбүз согуп, мал менен жан бакчубуз. Бияктан деле антсек болот деңизчи, бирок көнө албай жатабыз", — деди Жээнбек уулу.

Кочкор районунун Кара-Тоо айылында жашап жаткан Исламиддин Насриддин уулу да үй-бүлөсү менен эч нерсе кылбай үйдө бош экен. Памирлик кыргыз Нарында мал баккандан башка жумушта иштегиси келип жатканын жашырган жок.

"Бөтөн жерде мал багыш деле оңой эмес да. Кокус бирөөнүн жерине кирип кетсе жаман-жакшы көрүнөбүз. Чынын айтсам мал карагым келген жок, себеби анын да азабы көп. Эптеп такси айдаганды же темир ширеткенди үйрөнүп алсам жакшы болот эле. Ал үчүн окушум керек", — деди Насриддин уулу.

Абдылгафар Абдырасул уулу башкалардан айырмаланып, Миң-Булак айылынын Сары-Булак тоосунда беш айга чукул мал багып иштеген. Кыргызстанга кичүү кызын окутайын деп келген боордош тоодон шаарга каттай берип тажагандыктан Нарын шаарынын чет жакасынан батир таап жакында эле тоодон көчүп келгенин айтты.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКарандай чай, кургак нан менен отурганын айткан кандаштар
Жизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Карандай чай, кургак нан менен отурганын айткан кандаштар

"Памирден мал багып көнгөн жаныбыз келгенде эле тоого кеткенбиз. Күйөө балам экөөбүз айына 5000 сомдон мал кайтардык. Бирок кичүү кызым лицейде билим алгандыктан аны дем алыш сайын ташый берип тажадым. Тапкан акчабыз да ошого эле кетип калат экен. Орозонун убагында Нарын шаарынын чет жакасынан бир батир таап, учурда ошол жакта жашап жатабыз. Памирде да мал калгандыктан аларды "карап кел" деп биздин үйдөн күйөө баламды шайлап жакында эле Ооганстанга жөнөттүк. Өзүм азыр бошмун. Мал сойгон касапчыга ылайыктуу жумуш караштырып жүрөм. Губернатордун орун басары да жумуш, арзан батир таап беребиз деп убадалады,"— деди Абдырасул уулу.

Баса, интернет сайттардын бири Абдылгафар Абдырасул уулу Бишкектен колуна паспорту тийсе эле Афганистанга кеткени жатканын, мал караган акчасынын тыйынын да ээси бербей койгонун жазып чыккан эле.

Бирок Абдылгафар Абдырасул уулу бизге мал кайтарган акчасынын баарын толук алганын айтты.

"Тоодон иштеп келген акчаны батирге берип, тамак-аш алып жашап жатабыз. Бул жакта баскан тургандын баары акча экен да. Анын үстүнө үйдөн мен эле иштейм. Ачка калбайлы деп жумуш карап, арзан батир издеп жүрөм", — деди ал.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваПамирдин сүт, айранын сагыныптыр
Жизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Памирдин сүт, айранын сагыныптыр

Ѳкмɵттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева Памир кыргыздарын жумушка орноштурарда үч тараптуу келишим түзүлгөнүн айтты.

"Эмне кыла аласыңар" десек, малдан башка эч нерсе колубуздан келбейт деген. Тоого кетээрде жумуш берчү тарап, биз жана Памир кыргыздарынын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлгөн. Биринчи келгендерге ошол кездеги президент Атамбаев 50 миң сомдон берген. Ал акчага Абдылгафар мал алып коюп өзүнүкүн да чогуу карады. Буларды иштеткен тарапка эгерде кандайдыр бир көйгөй болсо өзүбүз көзөмөлдөйбүз деп айтканбыз. Эч ким алданып, акчасын албай калган жок", — деди Ибраева.

Окуп, жазып калган балдар

Боордоштордун балдары кыргызча окуп, жазганды жакшы эле өздөштүрүп калыптыр. Бош убактыларында ойногондон сырткары сүрөт тартып, китеп окушат экен. Мектеп, окуу тууралуу айтып берип жатканда да көздөрү жайнайт. Нарында аларга окуган мектеби, оюнчуктары жакканын айтып, бири келечекте дарыгер болом десе, айрымдары мугалимдик кесипти тандай турганын айтышты.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАялдары үй оокаты менен алек, бирок көпчүлүк учурда үйдө бош эле отура беришет экен
Жизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Аялдары үй оокаты менен алек, бирок көпчүлүк учурда үйдө бош эле отура беришет экен

Үй, жер маселеси

Кайсы памирликтин үйүнө кирбе "бизге жер берсе, үй салат элек" деген эле киши. Мурдагы президенттен үй алган Абдыбаит Жээнбек уулунан башка памирлик туугандардын баары батирде жашайт. "Өзүбүз иштебесек батирдин акысын кайдан табабыз" деген боордоштор жер маселеси чечилбесе кайра артка кайтарын айтышты.

"Эгер өкмөт жер бергидей болсо Памирде калган малды сатып бул жактан өзүбүз деле үй салат элек. Антпесе көпкө чейин бул жакта тура албайбыз го", — деди Насриддин уулу.

"Памирде мал-жандыктын баары калган. Балдарыбыз окуп калсын деп атайын келгенбиз. Бирок алардын окуусу бүткүчө 10 жыл минтип жашай албайбыз да. Эгер күзгө чейин жер маселеси чечилбесе мекенге кайтабыз", — деди Абдырасул уулу.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАбдылгафар Абдырасул уулу башкалардан айырмаланып, Миң-Булак айылынын Сары-Булак тоосунда беш айга чукул мал багып иштеген
Жизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Абдылгафар Абдырасул уулу башкалардан айырмаланып, Миң-Булак айылынын Сары-Булак тоосунда беш айга чукул мал багып иштеген

Анткен менен…

Памирдин сүт, айранын сагынганын айткан туугандар "карандай чай менен оокат кылып жатабыз" дейт. Анткен менен ар биринин үйүнө кирсең анча-мынча айылдыктардыкына салыштырмалуу муздаткычтан тарта газплитага чейин тиричилик буюмдарын жана кап-кап болуп жыйылган күрүч, кесмени көрүүгө болот.

Ѳкмɵттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева да боордошторго колдон келген жардам берилип жатканын айтты.

Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек
"Булар биздин балдардай, бир туугандай эле болуп калды. Башка жумуштарды таштап ушулардын маселесин биринчи чечебиз. Кандаштарды ар жерге жайгаштырган себебибиз үй, батир ар кайсы жактан чыгып калды. Куланак айылында үч айга чукул чогуу жашап, тиричиликтин баарын үйрөттүк. Ар бирин өз-өзүнчө үйгө бөлгөндө социалдык кызматкерлер барып кирин жууп, тамагын жасап беришчү. Эми эле өздөрү жасаганга көнүп келе жатышат. Абдылгафар Абдырасул уулунун Кизия деген кызы бар. Улам-улам боюнан түшүп калып жаткан. Дарыгерлердин жакшы кароосунан улам келин азыр кош бойлуу. Балдар болсо окуганды, жазганды үйрөнүп калышты. Алардын кетебиз деген ою да жок. Жакында эле Памирге сапар тарткан балдар да сөзсүз келебиз деп кетишти", — деди Ибраева.

Ибраева учурда төрт бала Ысык-Көлдө эс алууда жүргөнүн айтып, жакын арада калгандарын да алып барып келүү планда бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0