(2:42 / 20.79Mb / )

Улан мага дем берет! Төрага Жумабеков майып жардамчысы тууралуу. Видео

(жаңыланган 17:45 11.07.2018)
Төрага Дастан Жумабеков спорттон алыс эмес адам. Былтыр NAGA-грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында коло байге тагынган.

Спортто ийгиликке жетиш үчүн спарринг-өнөктөштөр мыкты болушу керек. Улан Бердибаев төраганын килемдеги артыкчылыгы менен кемчилигин беш колдой билет. Жигит шал дарты менен жабыркайт, тагыраагы, сүйлөөсү начар.

Спикер сегиз жыл мурда спорт залда машыгып жүргөндө Улан Бердибаев да келет. Ышкыбоз, тагдырга сынбаган өжөр жигит Жумабековдун көңүлүнө төп келип, жакын адамдарга айланышат. Кийинчерээк төрага Уланды коомдук иштери боюнча жардамчы кылып алат.

"Улан менен сыймыктанам. Анын жашоого болгон умтулуусу көп адамдарга үлгү. Жиу-житсуда өнөктөш боло турчу балдар деле бар. Уландын ыкмаларды мени менен чогуу үйрөнүшүн кааладым. Кармаштагы тактика менен техниканы чогуу ойлонуштуруп, үйрөнгөн ыкмаларды сынайбыз. Кээде "агай, толуп кеттиңиз, ичке пресс жасайлы" деп жүзгө чейин кылдырат. Кыскасы, мага энергия берет", — деди спикер.

Улан Бердибаев бала кезинен спортко жакын. Эркин күрөштө жүрүп жиу-житсуга өткөн. ММА сүйүүчүлөрүнүн катарында. Бирок мелдештерге чанда катышат, бир ирет жиу-житсу боюнча Алматыда күчүн сынаган. Спорттогу башкы максаты — ден соолукту чыңдоо.

"UFC уюмун бардыгы билсе керек. Бала кезде өзүмө окшош, арык, бою кичинекей мушкердин беттештерин көрүп спортко шыктандым. Азыр ата мекендик жана дүйнөлүк спортчулардын жетишкендиктерин көз жаздымда калтырбайм", — деди Бердибаев.

Ошондой эле спортчу жашоодо стимул берген адамдардын бири Дастан Артисбекович экендигин баса белгиледи.

Төрага Жумабековдун айтымында, спарринг-өнөктөшү Бердибаев 32 жашта. Колдоо көрсөткөн жакындары — апасы менен карындашы. Жумасына беш жолу машыгып, эки күнүн гана эс алууга арнайт. Машыгуудан сырткары спорттук кийимдерди сатып ишкерлик менен алектенет. Ак баракка төгүлтө ыр жазат. Кыскасы көз күйдүргөн жигиттердин катарында. Төрага айткандай үйлөнүү гана керек.

Белгилер:
спарринг, джиу-джитсу, майып, спорт, Улан Бердибаев, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Төрага Дастан Жумабековду тердеткен спарринг-өнөктөш. Фотофакт
Жумабеков: эл толтурган бюджетти кайра элге жумшашыбыз керек
Дастан Жумабеков: 120 депутаттын баары мыйзам жазууга милдеттүү эмес

UFC Валентина Шевченконун мыкты ирмемдерин жарыялады. Видео

(жаңыланган 19:18 14.04.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube-каналында дивизиондун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун видеосу жарыяланды.

Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.

Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).

Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.

Белгилер:
беттешүү, кармаш, нокаут, мушкер, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Ай чырайлуу мушкер дебюттук кармашында атаандашын оор нокаутка кетирди. Видео

Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот

(жаңыланган 16:28 14.04.2021)
Россия 1-июнга чейин деп Түркия жана Танзания менен аба байланышын чектеди. Буга коронавирус менен ооругандардын санынын көбөйүшү себеп болууда.

Бүгүнкү күндө коронавирустун үчүнчү толкуну күчүндө, мындан улам европалык мамлекеттердин көбү катаал карантинге кайтууга аргасыз болуп турат.

Абалга көз чаптырып, 2021-жылкы туристтик сезон былтыркыдай эле үзгүлтүккө учурайт деп боолголосок болчудай.

Белгилер:
карантин, чектөө, туристтик сезон, коронавирус, Танзания, Түркия, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек