Ысык-Атада чөп жүктөлгөн эки чиркегич күйүп кетти. Видео

Жазылуу
Кырсык 9-июль күнү Ысык-Атанын Красная речка айылында болгон.

Окуяга күбө болгон адам Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына эки чиркегичте күйүп жаткан чөптүн видеосун жөнөткөн.

ӨКМ кырсык 9-июль күнү Ысык-Атанын Красная речка айылында болжол менен 16.00дө болгонун маалымдады. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип иштеген. 300 түк чөп жүктөлгөн чиркегич МТЗ тракторуна таандык экени белгилүү болду. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0